Бурганак жана жол жүрүүнү кыйындаткан калың кар. Төө-Ашуудагы видео

Министрлик жолгон чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып жана дөңгөлөктү тайгаландырбай турган чынжырларды кошо ала жүрүүнү эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Төө-Ашууда (Бишкек — Ош жолу) кар калың жаап, бурганак болуп жаткандыгын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, кардын калыңдыгы 25 сантиметрге жетти. Трассанын 132-136-чакырымындагы тилкеде Ош тарапка гана өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жеңил автокөлүктөрдүн жүрүшү кыйындап, оор жүк ташуучу автоунаалардын катташына убактылуу тыюу салынган.
Суусамыр өрөөнүнүн аймагында ( 162-174-чакырым) бурганактан улам жол жакшы көрүнбөй жатканын айтышты. Кырдаал көзөмөлгө алынып, карды тазалап, тайгалакты алдын алуу үчүн жолго туз жана кум себилип жатканын кабарлашты.
Министрлик сапарга чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып жана дөңгөлөктү тайгаландырбай турган чынжырларды кошо ала жүрүүнү эскертти.
Төө-Ашууда кар жаап, автотыгын жаралды. Видео