"Күйгөн" дарыя, суу алдындагы ири бегемот. Жаныбарлардын мыкты сүрөттөрү

GDT European Wildlife Photographer of the Year 2022 фотосынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Sputnik Кыргызстан окурмандарга чар тараптан тартылган сүрөттөрдү тартуулайт.
Sputnik
Сынакта россиялык фотограф Майк Коростелев "Гиппопотамдар дүйнөсү" деп аталган сүрөттөр сериясы менен жеңүүчү аталды. Жаныбарлар Түштүк Африкада тартылган.
European Wildlife Photographer of the Year — жаратылышты чагылдырган кесипкөйлөр арасындагы белгилүү конкурс. Жыл сайын Жаратылыштын сүрөттөрү боюнча немец коому (GDT) мыктылардын мыктысын тандайт.
1 / 14

Сынакта россиялык фотограф Майк Коростелев "Гиппопотамдар дүйнөсү" деп аталган сүрөттөр сериясы менен жеңүүчү аталды

2 / 14

Нидерланддык сүрөтчүлөр Дэвид Хап жана Майкл ван Ноппен "Ойлонууда керек болгон тырмактар" деген эмгеги үчүн жаштар арасында Фриц Пелькинг атындагы байгеге ээ болду

3 / 14

Венгер фотографы Тибор Литаузски "Элес өпкөндө" деп аталган эмгеги менен "Башка жаныбарлар" категориясында жеңүүчү болду

4 / 14

Немец фотографы Ян Лебмандын "Порттогу идиллия" деп аталган эмгеги Фриц Пелькинг атындагы сыйлыкка татыды

5 / 14

Немец фотографы Ян Лебмандын "Гавань идиллиясы" "Чымчыктар" категориясында Фриц Пелькинг атындагы сыйлыкты алды

6 / 14

Британиялык фотограф Элисон Петтит "Ставридалар" эмгеги үчүн "Суу алдындагы дүйнө" категориясы боюнча жеңүүчү болду

7 / 14

Испаниялык фотограф Эдуардо Бланко Мендизабала "От дүйнөсү" үчүн "Пейзаждар" категориясында II орунду ээледи

8 / 14

Испаниялык фотограф Адриа Мас Эсканделла "14 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөр" категориясында козу карындардын өзгөчө сүрөтү үчүн жеңүүчү болду

9 / 14

Италиялык фотограф Мило Анжело Рамелла "Ойноп жаткандар" сүрөтү үчүн сыйлыкка татыды

10 / 14

Антон Трекселер тарткан "Шишкебек жана пицца" сүрөтү "15тен 17 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөр" категориясында мыкты деп табылды

11 / 14

Фотограф Пол Хермансендин "Кыш босогодо" сүрөтү мыкты эмгектердин бири болуп калды

12 / 14

Нидерланддык фотограф Тео Босбумдун "Дарыясы" байгеге илинген сүрөттөрдүн катарын толуктады

13 / 14

Бул ирмем "4 жыл жана 103 саат" деп аталат, автору — польшалык сүрөтчү Жейкоб Деги. "Суу алдындагы дүйнө" категориясы боюнча мыкты эмгек деп аныкталды.

14 / 14

Немец фотографы Жоши Нишелл "Аюу — тоонун ээси" деген эмгеги менен жеңүүчүлөрдүн бири болду