Стамбулдагы теракт: аялдын бомба салынган баштыкты көчөгө таштаган видеосу тарады

Шектүү жарылуу жасалгандан көп өтпөй эле кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Sputnik Түркия агенттиги кара кийимчен аялдын эл көп көчөнү аралап барып, Стамбулдун Истиклал аймагына жарылуучу затты таштаган видеону жарыялады.
Тиешелүү кызматтар камерадан анын теракт жасалуучу жерге кантип келгенин, бир аз отуруп, ак баштыкты таштап кайра кеткенин, андан сырткары, окуя болгондон соң качып, чуркап бара жатканын таап чыгышкан.
Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашты. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланган.
Шектүү Күрдстан жумушчу партиясынын Сириядагы филиалы менен байланышы бар экенин моюндаган. Yeni Şafak гезити терактыны уюштурду деп шектелип жаткан сириялык Ахлам Альбашир америкалык аскерлер окуткан чалгын мектебинде билим алганын жазды.
Полиция теракт иши боюнча 46 кишини шектүү катары кармаган.
Стамбулдун Фатих районундагы жарылуунун себеби айтылды