Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болду. Видео

Учурда полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болгонун РИА Новости жергиликтүү ЖМКларга таянып жазды.
Азыр жарылуунун себеби белгисиз жана жабыркагандар тууралуу маалымат да айтыла элек. Интернетке тараган видеодон окуя болгон жерде автоунаалардын күйүп жатканын көрүүгө болот.

"Yeni Akit гезити жазгандай, өрт бир эмес, бир нече жарылуудан кийин келип чыккан. Башында бир автоунаа өрттөнүп, андан соң жалын башка машиналарга өткөн. Жыйынтыгында жети автоунаа жарабай калган. Кырсык элдин үрөйүн учурган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрт өчүрүлүп, полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
"21 үй тинтүүгө алынып, 50 адам кармалды", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, 13-ноябрь күнү дагы Стамбулдагы эл көп жүргөн көчөлөрдүн биринде жардыруу болуп, кеминде алты киши каза таап, 80ден ашык адам жаракат алган. Муну Түркия бийлиги теракт деп сыпаттаган.
ЖМК: Стамбулдагы терактыга шектелип жаткан аялды АКШ аскерлери машыктырган