Стамбулдун Фатих районундагы жарылуунун себеби айтылды

Кырсыктан жабыркагандар жок экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя.— Sputnik. Стамбулдун Фатих районундагы өрт автоунаадагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыкканын РИА Новости Sozcu басылмасына таянып кабарлады.
Буга чейин Фатих районунда жарылуу болуп, жалын бир нече автоунааны каптаганы айтылган. Маалым болгондой, аталган райондо тарыхый, маданий имараттар көп. Анын ичинде чыгыш дүйнөсүнө таанымал белгилүү мечиттер бар.
"Өрт чыккан автоунаанын айдоочусу машина жүрүп баратканда май жыттанганын айтып, ага маани бербестен банкоматтан акча чыгаруу үчүн токтогонун белгиледи. Автоунаадан түтүн чыга баштаганда айдоочу башкалардан жардам сураган. Бирок автоунаа өрттөнүп, жалын башка автокөлүктөргө жармашып, анын кесепетинен машиналардын бири жарылган", — деп жазылат маалыматта.
Басылма кырсыктан жабыркагандар жок экенин жазган.
ЖМК: Стамбулдагы терактыга шектелип жаткан аялды АКШ аскерлери машыктырган