Төрага Шакиев ишке келбеген депутаттардын маянасын кыскартарын эскертти

Спикер жыйынга көп келбей жүргөн эл өкүлдөрү болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жумушка келбеген депутаттардын маянасын кыскарта турганын эскертти.
Ал ушул жумадан тарта тартипти парламенттин өзүнөн баштай турганын белгиледи.
"Кечирип коюңуздар, каттоодон өтүп коюп ишке келбей жүргөн депутаттарыбыз бар.  Эмгек кодексине ылайык, сегиз сааттык иш тартибин толук текшерип, талап кылабыз. Жүйөлүү себепсиз, ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын маянасын кадимкидей кыркабыз. Ушул тууралуу эскертип коёюн", — деди Шакиев.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча, депутат бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 10 жолу келбей койсо мандатынан ажыратылат. Бирок спикер бул тууралуу айткан жок.
Өпкөңдү кагып коём! Камила Талиева аткаминерди зекиди. Видео