Польша Украина менен чектешкен аймагына эки ракета түшкөнүн билдирди

Ал арада Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Польша бийлиги Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув айылына эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгону айтылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Польша президенти Анджей Дуданын айтымында, бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок. Ошол эле учурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ракеталар Россияда чыгарылганын айткан.
Ал арада Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын билдирип, интернетте тарап жаткан калдыктардын сүрөттөрү россиялык ракетага тиешеси жок экенин белгиледи. Ал эми Польша ЖМКларынын "Россиянын ракеталары түштү" деп жазгандарын кырдаалды курчутуу максатында жасалган атайын провакация деп атады.
Ал арада АКШ президенти Жо Байден алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленскийдин G20 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө русофобия турат