Ооруканада, дары алганда жеңилдик болот. Касымбеков полистин артыкчылыгын айтты

Аткаминер полиске төлөнчү акчаны тамекинин баасы менен салыштырып түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков жарандарды медициналык камсыздандыруу полисин алуунун артыкчылыктарын санап берди.
Анын айтымында, өлкөдө камсыздандырылбаган 1,9 миллион адам бар.
"Полисти алса жарандарга кадыресе жардам болот. Эгер 1 500 миң сомго полис сатып алса, бир жыл бою дары-дармектен 50 пайыз жеңилдик болот, ооруканадагы кызматтарга аз төлөйт, үй-бүлөлүк медициналык борборлордо бекер көрүнөт", — деди Касымбеков.
Ошондой эле ал полиске төлөнчү акчаны тамекинин баасы менен салыштырып түшүндүрдү.
"Бир жылга 1 500 сом эмне деген акча, айына бөлүп келсе 130 сомдон. Эми ал чылым чеккен адамдын бир куту тамекисинин баасы да. Ал тамеки дагы бир күнгө жетет. 1 500 миң сом көп көрүнүшү мүмкүн, бирок бир жылга алып келгенде арзыбаган акча. Бирок ошондон дагы качышат да. Оорубагандай ойлошот, оруп калышса анан арыздана башташат", — деди министрдин орун басары.
Мындан улам ал кыргызстандыктарды медициналык камсыздандыруу полисин алууга чакырды.
Радио
Азизбекова: калктын аялуу катмары медициналык жактан бекер камсыздандырылат