Радио

Авасова: адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө кооптуу эмес

Онкогинеколог, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Авасова профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 2022-жылдын 14-ноябрынан баштап 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталгандыгын айтты.
Sputnik
Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүн ден соолукка эч кандай зыяны жок. Бул тууралуу Чолпон Авасова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл ичинде аталган эмдөө боюнча такталбаган маалыматтар тароодо.
"Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүн зарылчылыгы жатын моюнчасынын рагы менен ооруган аялдардын көбөйүшүнөн улам келип чыкты. Оорунун бул түрү өлкөдөгү ракка чалдыккан аялдардын арасында 2-орунда турат. Ошол себептен аталган вируска каршы эмдөөдөн өтүү маанилүү. "Бул башка өлкөнүн тапшырмасы жана эмдөөдөн өткөндөн кийин бойго бүтпөй калат экен" деп эл ичинде жалган маалыматтар айтылып жатат. Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүн ден соолукка эч кандай зыяны жок. Бул ар тармактуу изилденип, башка өнүккөн өлкөлөрдө ийгиликтүү жыйынтык берген вакцина", — деди Авасова.
Ал адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өткөн өспүрүм кыздардын колу ийне алган учурда бир аз оорушу мүмкүн экенин кошумчалады.