Мэрия Бишкекте кар тазалоого канча техника, канча жумушчу тартыларын айтты

Кышкы сезонго 6 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы "Тазалык" ишканасы кышкы сезонго даяр экенин айтып, карды тазалоого канча техника тартыла турганын маалымдады.
1 / 2

Мэриянын маалымат кызматы "Тазалык" ишканасы кышкы сезонго даяр экенин айтып, карды тазалоого канча техника тартыла турганын маалымдады

2 / 2

Кышкы сезонго 6 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум даярдалган. Мэрия кум өтө зарыл болгон учурда гана колдонула турганын эскертти.

"Кышкы сезонго 35 техника даяр. Булардын ичинде кум чачуучу ЗИЛ, кар тазалоочу машина, жүктөгүч, универсалдуу комбинациялык машина, тракторлор бар. Аны менен катар бул ишке Жол эксплуатациялык кызматынан 40 жумушчу чыгат. 615 адам аялдама, тротуарлардагы карды күрөп, тазаламакчы", — деп айтылат маалыматта.
Кышкы сезонго 6 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум даярдалган. Мэрия кум өтө зарыл болгон учурда гана колдонула турганын эскертти.
Бурганак жана жол жүрүүнү кыйындаткан калың кар. Төө-Ашуудагы видео