Пресс-борбор

Акы алган мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге берүү сунушталды

Муканова мамлекеттик кызматкерлердин маянасы деле жогорулаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик органдар акысыз кызмат көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик органдын бардык ыйгарым укуктары жарандар жана юридикалык жактар менен иштешүүдө санариптештирилиши зарыл.
"Мамлекеттик органдар акысыз кызмат көрсөтүшү керек. Анткени алар айлык алып жатышат. Анын үстүнө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегендердин маянасы акырындан көтөрүлүүдө. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматка акы төлөш керек болсо, анда аны жеке менчик секторго аутсорсингге өткөрүп берген туура", — деген Муканова.
Ал кызматтарды аутсорсингге берүүдө да коррупция болушу мүмкүн экенин эскертип, бул процесстин механизмдерин карап чыгууну сунуштаган.
Пресс-борбор
Калп аныктагыч, реестр. Мамкызматкерлерди коррупциядан тазалоо жолдору сунушталды