Пресс-борбор

Калп аныктагыч, реестр. Мамкызматкерлерди коррупциядан тазалоо жолдору сунушталды

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкерлерди гана эмес, азыр иштеп жаткандарды да тесттен өткөрүүнү сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык органдарды коррупциялашкан кадрлардан тазалоонун ыкмалары боюнча Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.
Генеральный секретарь Антикоррупционного делового совета при президенте Нурипа Муканова
Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга аты булганбаган адамдардын келиши үчүн антикоррупциялык саясаттын алкагында болгон чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.
"Коррупционер деп таанылып, ал тургай тергөө менен кызматташып, зыяндын ордун толтурса да атайын реестрге киргизилиши керек. Бул реестр бар, болгону аны кеңейтүү шарт. Азыр ага аткаруу органдарынын кызматкерлери гана киргизилет, негизи атайын жана саясий кызматтагыларды да катташ керек. Баары көрүп турушу үчүн ачык да болушу зарыл. Эң башкысы, кадрлар бөлүмү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматкерлерди ишке алууда реестрди бир карап коюшу лаазым", — деген Муканова.
Аталган кеңеш аны менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөнү каалагандар үчүн полиграфтан, социологиялык, психологиялык да тесттен өткөрүүнү сунуштап жатат.
"Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик жана муниципалдык орган өзү түзө турган кадрлар резервинен дайындашат. Тандалган талапкерлерди бизге, кадрдык кызматка берүүнү сунуштайбыз. Корупцияга ык койгонун аныкташ үчүн полиграфтык, социологиялык, психологиялык тестти биргелешип жүргүзөбүз. Андан ийгиликтүү өткөндөр кызматка келүү үчүн мүмкүнчүлүгүн сынап көрө алат. Бул биринч этап", — деп белгиледи башкы катчы айым.
Муканованын айтымына караганда, экинчи этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматта азыр иштеп жаткандар тесттен өткөрүлөт.
Парктын жерин каалагандай иштетишкен. Кантта мамкызматкерлерге иш козголду