Мадумаров Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими легитимсиз болгонун айтып чыкты

Кечээ добуш берүүгө комитеттин жети мүчөсү катышып, баары колдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимди ратификациялоодо Эл аралык иштер комитетинин чечими легитимсиз болгонун айтып чыкты.
Ал ЖК регламенттинде "комитеттин 14 мүчөсүнүн көпчүлүгү катышканда кворум түзүлөт" деп так жазылганын белгиледи. Демек, 14түн көпчүлүгү сегиз болушу керек эле.
"Кечээ биздин комитеттин жыйынында мурда Конституцияны чечмелеген жигит чыгып (ЖКнын юристи), "жети депутат отурат, кворум бар, чечим кабыл алына берет" деди. Эгер өзүбүз конституциялык мыйзамды бузуп жаткандан кийин кимден талап кылабыз анан? Нурлан Тургунбекович, адилеттүүлүктү сүйгөн, калыстык үчүн күрөшкөн, туруктуу позициясы бар инсан, төрага катары сизден суранам, кечээги комитеттин жыйынына пикириңизди билдирип койсоңуз", — деп кайрылды Мадумаров.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-ноябрда, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун дароо үч окууда жактырган. Добуш берүүгө жети депутат катышып, баары колдогон.
Ал эми добуш берердин алдында Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова залдан чыгып кеткен. Мадумаров мындай кадамын кворум жаратпай, келишимди өткөрбөй коюуга жасалган аракет деген.
Арипов Кемпир-Абаддын маанилүүлүгү жана келишимдин шарты тууралуу айтып берди