Бишкек мэриясы таштандынын тарифин жогорулатууга ниеттенип жатат

Учурда жумушчу топ тарифти жогорулатуу маселеси боюнча иштеп жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 16 ноя — Sputnik. Бишкектин мэриясы таштандынын тарифин көтөрүүнү пландап жаткандыгын борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, бул маселе көтөрүлгөн баалардан, анын ичинен күйүүчү майдын кымбатташынан чыгып жатат, мындан сырткары, "Тазалыктын" кызматкерлеринин айылыгын көтөрүү керек.
"Тарифтерди жогорулатуу боюнча долбоор киргизилет", — деп кошумчалады ал.
Бул учурда айына бир кишиге таштанды үчүн 22,5 сом төлөнөт. Азырынча вице-мэрде алдын ала эсептелген сандар жок, документ боюнча иштеп жатышкандыгы айтылды.
Мэрия автобус албаганы аз келгенсип жол кирени көтөрүүдө. ЖКдагы нааразычылык