Каргашалуу окуялардан жабыркагандарга жөлөк пулду көбөйтүү сунушталды

Демилгени депутаттар биринчи окуудан колдоп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагындагы каргашалуу окуялардан жабыркагандарга ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасын көбөйтүү сунушталды.
Аталган мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштап, парламентте биринчи окууда каралды.
Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, жөлөк пулдун өлчөмүн 3700дөн 5500 сомго көбөйтүү демилгеленген. Азыркы учурда мындай пособиени 529 адам алып жатат.
Аталган кошумча жөлөк пул Аксы, Апрель окуяларында, Июнь коогалаңында, Баткенде (2021, 2022-жылдары) тажик тараптын кол салуусунан жаракат алган жарандарга жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө берилет.
Демилгени депутаттар биринчи окуудан колдоп берди.
Соцфонд пенсионердин тажиясына берилчү жөлөк пулдун суммасын азайтууга белсенди