Геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн мамлекеттен 22 миллион сом гана бөлүнөт. Бул тууралуу Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүк союз учурундагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлүүдө.
"Тоо-кен тармагы экономиканын локомотиви болуп саналат. Алсак, 2019-жылы аталган тармактан бюджетке 19 миллиард, 2020-жылы 21 миллиард, 2022-жылдын алты айында 26 миллиард сом түшкөн. Кумтөр, Жер-Үй жана башка алтын кендер, мындан тышкары, көмүрдүн түрлөрү, сейрек кездешүүчү металлдар бар. Мунун көбү союз учурунда изилденип, чалгындалган. Ал убакта жетиштүү каражат бөлүнүп, чалгындоо иштерине керектүү курулуш материалдар келип турган. Союз тараганда геологиялык экспедициялар жүргүзүлүп, ага керектүү жабдыктарды даярдаган завод бар эле. Ошол кезде бюджеттен бөлүнгөн каражаттын суммасы болжолдуу 100 миллион сомго жетчү. Мындан тышкары, ар бир экспедиция чет элдик жана жергиликтүү компаниялар менен иштешип 40-50 миллион сомго чейин кошумча каражат табышчу. 2021-жылдан тартып экспедициянын баары бириктирилип "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына киргизилген. Алар геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда бул үчүн болгону 22 миллион сом бөлүнөт, ал дагы толук төлөнүп бүтө элек. Бул каражатка ири масштабдуу чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Мисалы, жер астындагы сууларды изилдеген экспедиция бар, бирок аларга тийиштүү каражат бөлүнбөсө кандай болот? ӨКМ менен биргеликте суу каптоо кооптуулугун изилдеп турушчу, учурда бул жагы да ойлонтууда", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал келечектин минералдык сырьелук базасын азыртадан аныктай берүү зарылдыгын кошумчалады.