Казакстан алдыда... Кымбатчылык жагынан ЕАЭБ ичинде абал кандай?

Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап кымбаттап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Октябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда катталды. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
"Былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу Казакстанда керектөө секторундагы инфляция 17,2 пайызга жетти. Буга азык-түлүктүн 21,2 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн 12,6 пайызга кымбатташы себеп болду", — деп айтылат маалыматта.
Башка өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли канчалык өстү?
1.
Армения — 6 пайыз;
2.
Беларусь — 13,6;
3.
Кыргызстан — 12,1;
4.
Россия — 10,7.
Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап кымбаттап жатат.
Кыргызстан он айда 29 млрд. сомго чукул карызынан кутулду