Депутат Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады

Эл өкүлүнүн пикиринде, бул сервис балдарга терс таасирин тийгизип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын иштешине тыюу салууну сунуштады.
Эл өкүлү бул сервис балдарга терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейт.
"TikTok тармагынан көрүп жатасыңар, ар кандай жарнамалар чыгып жатат. Кээ бири баңгизатты, аракты жарнамалап, өзүлөрүнүн денесин көрсөткөндөр дагы бар. Кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселерди чыгарышууда. Ошол жактан балдарыбыз көрүп жатат, кандай таасир этерин ойлонуп, анализдеп жатасыңарбы. TikTok тармагын жаап деле койсо болбойбу", — деп кайрылды Кыдыкбаев.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу бул маселе боюнча пикирин депутатка өзүнчө жолугуп айтса туура болорун билдирди.
"Ар бир ата-эне баласына телефон бербей көзөмөлдөсө жаман көрүнүштөр болбойт эле деп ойлойбуз. Жыл сайын биз чоң иш-чараларды өткөрүп, чараларды көрүп жатабыз", — деди Эсенгул уулу.
Мындан улам депутат социалдык тармакты жаба алышпаса тарбиялык маанидеги менталитетке туура келген материалдарды жарыялап турууга чакырды.
24.kg агенттиги бийлик сайтты жабууга аракет кылганын билдирди