Бишкекке Кытайдан келчү автобустардын видеосу жарыяланды

Жаңы транспорт үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жыл аягына чейин газ менен жүргөн 120 автобус алып келинерин айткан. Бүгүн транспорттун видеосу пайда болду.
Жаңы автобустар үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ар бири запастагы тетиктерин кошкондо 91 миң доллардан айланды.
"Акча шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Автобустарды эч бир долбоорсуз эле өзүбүз алып жатабыз. Андай долбоорлор 4-5 жылга созулуп кетүүдө", — деген мэр.
Буга чейин Башкы прокуратура автобустар кымбат алынганын, 155 миллион сом зыян келтирилгенин айтып чыккан. Мэрия маалыматты төгүндөп, транспорт башкалар сунуштаган баадан 20 пайызга арзан алынганын билдирген болчу.
Бишкекте окуучуларды атайын автобустар ташый баштайт. Сынамык долбоор