17-ноябрда борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт

Муниципалитет ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурап, суу камдап алууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Эртең, 17-ноябрда, борбор калаанын бир бөлүгүндө ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдады.
Билдирмеге ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 20:00гө чейин шаардын Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрүндө, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу токтойт.
"Жогоруда айтылган убакта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине, өнөр жай ишканаларына ичүүчү суу берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия суунун убактылуу өчүрүлүшү "Киркомстром" суу тосмосунда жана шаар түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин кошумчалап, суу камдап алууну өтүнгөн.
Ош менен Көлдө арзан көмүр сатыла баштады. Даректери