Артемовскидеги (Украинда Бахмут дешет) салгылашууга Киев тараптан спецназ жана көптөгөн улутчулдар катышууда. Алар көп жоготууга учурагандыктан Украина тарап бардыгын атайын топ кылып салганын РИА Новостиге "Вагнер тобунун" аскерлери айтышкан.
"Украинанын түзүмдөрү, бригадалары талкаланган. Бирок атайын топтор бар, улутчулар түзүмдөрү өтө көп. Зайцево айылын алып, "Айдар" батальонунун желеги илинген", — деген аскерлердин бири.
Белгилей кетсек, Артемовск Донбасстагы украиналык топту камсыздоодо маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Автоунаа жана темир жол түйүнү дал ушул шаар аркылуу өтөт. Ошол себептен бул калктуу конушту жоготуу Киев үчүн катуу сокку болуп саналат. Эгер Украина андан ажыраса, курал-жарак, күйүүчү май ташуу кыйындайт. Бул шаардын стратегиялык маанисин билгендиктен Украинанын Башкы штабы жоготууларга карабастан, аны коргоо үчүн бардык резервдерин колдонууда.
"Вагнер тобунун" аскеринин айтымында, Киев режими украин улутчулдарынын "Айдар" батальонун чабуул коюучу катары колдонууда.
Буга чейин РИА Новостинин кабарчысы "Вагнер тобунун" аскерлери Артемовск үчүн жан аябай салгылашып жатканын кабарлаган. Алар Украинанын куралдуу күчтөрүнөн Иванград айылын алган.
Тема боюнча: