17-ноябрга карата аба ырайы

Өлкөнүн көпчүлүк аймагында түнкүсүн кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Таласта +3…+8, Чүй, Нарын облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жеринде +1…+6 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +2…+7, Ош шаарында +9…+11 градус болот.
Төө-Ашууда кар жаап, автотыгын жаралды. Видео