Кытай Россияны G20 уюмунан чыгарууга каршы

Дипломат Россиянын G20 жана башка бир катар эл аралык аянтчалардагы орду бараандуу экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кытай Россиянын G20 жана башка бир катар эл аралык уюмдардын курамынан чыгарууга каршы. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМ башчысы Ван И айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Индонезиянын Бали аралында өтүп жаткан G20 саммитинин алкагында жолуккан.
"Жыйырмалыктын" саммитине Россиянын атынан катышып жатканыңызга абдан кубанычтабыз, бул маанилүү миссия. Россиянын G20 жана башка бир катар эл аралык аянтчалардагы орду бараандуу. Биздин пикирибизде, Россиянын аларга катышуу укугун эч ким тартып ала албайт", — деген Ван И.
Дипломат Лавров менен "эки өлкөнүн кызыкчылыгына төп келген маселелерди жана алаканы сактоо үчүн кызматташууну" талкуулай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Си Цзиньпин Украинадагы ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды