Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУнун Украинага репарация тууралуу демилгесин 100гө жетпеген өлкө колдоду

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү резолюциянын долбоорун "эч нерсеге жарабаган жана юридикалык жактан чабал" деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясынын Украинага репарация (зыяндын ордун толтуруу) тууралуу резолюциясын 87 мамлекет колдогон жок. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы билдирди.
Резолюциянын долбооруна 14 өлкө каршы добуш берди, анын ичинде Беларусь, Кытай, Иран жана Куба бар. Ал эми 73 мамлекет добуш берүүдөн карманды, алардын арасынан Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды кездештирүүгө болот.
Азербайжан менен Түркмөнстан такыр эле добуш берген эмес.
Россияга каршы багытталган резолюцияга адаттагыдай эле Украина, Молдова, Грузия, Прибалтика өлкөлөрү макул болушту. Жалпысынан долбоорду 94 мамлекет колдогон.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя резолюциянын долбоорун "эч нерсеге жарабаган жана юридикалык жактан чабал" деп атады. Бул БУУнун февралдан берки 100гө жетпеген добуш алган биринчи резолюциясы.
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Батыш өлкөлөрү мыйзамсыз камакка алынган россиялык активдерди уурдоо үчүн юридикалык жактан жол ачууга аракет кылып жатат деп билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Си Цзиньпин Украинадагы ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды