ЖМК: Стамбулдагы терактыга шектелип жаткан аялды АКШ аскерлери машыктырган

Шектүү Күрдстан жумушчу партиясынын Сириядагы филиалы менен байланышы бар экенин моюндады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Стамбулдагы терактыны уюштурду деп шектелип жаткан Сириянын жараны Ахлам Альбашир америкалык аскерлер окуткан чалгын мектебинде билим алганын Yeni Şafak гезити жазып чыкты.
"Альбашир Күрдстан жумушчу партиясынын Сириядагы филиалы менен байланышы бар экенин моюндады. Ал Күрдстан жумушчу партиясынын Айн аль-Арабдагы (Кобани) чалгын мектебинде окуганын айтты. Бул мектепте сабакты америкалык аскерлер өтүп, Альбаширди атайын чалгындын офицери кылып даярдашкан", — деп жазылат гезитке жарыяланган макалада.
Мындан тышкары, шектүү ага инструкция берген PKK/YPG/SDG уюмунун Айн-аль-Арабдагы башчысынын байланыштары тууралуу да айткан. Анын көрсөтмөсү менен террорчу деген келин төрт ай мурда Африн-Адлиб аркылуу Түркияга мыйзамсыз кирген.
Полициянын маалыматы боюнча, окуя болгон күнү шектүүнүн жанында эркек киши (уюмдун мүчөсү) бар болчу. Алар башкаларда күмөн жаратпаш үчүн Стамбулдун көчөсүндө жубайлар сыяктуу болуп жүрүшкөн. Эске салсак, Күрдстан жумушчу партиясы Түркияда тыюу салынган уюм.
13-ноябрда Стамбулдун борборундагы эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан 80ден ашык адам жабыркаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген. Кийинчерээк Түркиянын полициясы кырсыкка шектүү аялды кармаган.
"Терактыны айыптайбыз". Садыр Жапаров Эрдоганга көңүл айтты