Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Си Цзиньпин Украинадагы ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды

Ушу тапта Индонезиянын Бали аралында "чоң жыйырмалыктын" саммити өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кытай Украинада ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырат. Бул үчүн эл аралык коомчулук бардык шартты түзүп бериши керек деди Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуу учурунда.
РИА Новости билдиргендей, алар Балиде өтүп жаткан "чоң жыйырмалыктын" саммитинин аянтчасында кезиккен.
"Тараптар Украинадагы кырдаал тууралуу пикир алмашты. Си Цзиньпин украин кризиси боюнча Кытайдын позициясы мурункудай эле так экенин белгиледи. Пекин ок атууну, аскердик аракеттерди токтотууну жана тынчтык жолу менен сүйлөшүүнү жактайт", — деп билдирген Кытайдын Борбордук телевидениеси.
Аны менен катар Цзиньпин сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эл аралык коомчулук шарт түзүп бериши керектигин, ошондой эле Кытай өзүнүн конструктивдүү ролун аткарууну улантарын белгилеген.
Шольц: каршылыкка карабай Путин менен диалогду үзгөн жокмун