БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россия G20 саммитинде АКШнын Пентагондун программасынын негизинде күчөп жаткан аскерий-биологиялык активдүүлүгү тууралуу айтып жатып биологиялык коопсуздук маселесин козгоду. Москва биологиялык программаларга транспаренттик көзөмөл механизмин киргизүү оюнан кайтпай турганын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, G20 саммити Бали аралында өтүп жатат.
"Пентагондун программасы менен АКШнын аскерий-биологиялык ишмердүүлүгүнө карата биологиялык коопсуздук маселесин козгодук. Америка бул багыттагы активдүүлүгүн дүйнөнүн бардык регионунда, өзгөчө Россия жана Кытай менен чектешкен аймактарда күчөттү", — деди министр саммиттин жыйынтыгы менен журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Анын айтымында, аскерий биологдордун эмне менен алек болгонун талдоо, ачыктоо аракети каршылыкка туш болуп жатат.
Лавров "Россия мындай программаларга майнаптуу транспаренттик көзөмөл механизмин киргизүүгө умтула берерин" кошумчалады.