Арипов: Өзбекстан Унгар-Тоону Кыргызстанга берет, бирок бир шарты бар

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын айтымында, тоого Өзбекстан тараптан чыгууга мүмкүн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Унгар-Тоону Кыргызстанга берет, бирок тоого чыгып-түшүүгө жол ачылат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов өзбек парламентинин төмөнкү палатасынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Унгар-Тоо Наманган облусу жакта жайгашкан, эң бийик чокулардын бири болуп саналат. Ал жерде эки өлкөнүн тең радио, телевидение байланыштарын таратуучу антенналар бар.
"Бир кызык жагдай, ал тоого Өзбекстан тараптан чыга албайсыз, жол жок. Бир гана Кыргызстан тараптан чыга алабыз. Ушундай нюансы бар. Аны көбү биле бербейт. Жол алар тараптан болгон үчүн компромисттик сунуш болууда. Алар дагы, биз дагы колдоно алабыз. Биз аларга жерди биротоло өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз, алар бизге чыгып-түшкөнгө жол ачып беришет. Ушундай келишим бар", — деди Арипов.
Арипов кыргыз-өзбек чек арасында 130 үй көчүрүлө турганын айтты