Ош менен Көлдө арзан көмүр сатыла баштады. Даректери

Ош облусуна кара алтын "Загара" көмүр кенинен ташып келинсе, Ысык-Көл облусуна "Кара-Кечеден" жеткирилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" ишканасы Ош жана Ысык-Көл облустарына атайын отун базаларын ачып, көмүрдү арзан баада сата баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай тапшырманы ишканага министр Таалайбек Ибраев берген.
"Ош облусуна "Загара" көмүр кенинен ташып келинген кара алтындын бир тоннасы 4 800, ал эми Ысык-Көл облусуна "Кара-Кечеден" жеткирилген көмүрдүн бир тоннасы 4 000 сомдон сатыла баштады", — деп жазылат кабарда.
Арзан көмүр сатылган жайлар:
Ош шаары:
Бирлешкен айылы;
Жапалак айыл өкмөтү;
Туран кичи шаарчасы;
Амир-Темир кичи шаарчасы.
Ысык-Көл облусу боюнча:
Чолпон-Ата шаары:
Промзона кичи району (ПМК 107).
Ысык-Көл району, Темир айылынын Иманалиев көчөсү.
Министрлик 2022-жылдын август айынан ноябрга чейин Кара-Кече көмүр кенинен 555 миң тонна көмүр казылганын маалымдап, анын 317 миң тоннасы калкка, 295 миң тоннасы Бишкек ЖЭБге жеткирилгенин кошумчалады. Учурда Бишкекке бир тоннасы 4 000 сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда.
Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилди