Жөтөл басылбай күчөйт. Дарыгер өпкө рагынын негизги белгилерин атады

Онколог коркунучтуу илдеттен оолак болуу үчүн чылым чегип жүргөндөр болсо, ал адаттан арылууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Эгер адам жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыкса, бул өпкө рагынан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу онколог Андрей Воробьевдун айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
"Өпкө рагы дем алуу органдарын кансыратып, жыйынтыгында бейтаптан кан аралаш какырык чыгып калат. Мындан тышкары бул ооруда жөтөл жумалап кетпей, басаңдагандын ордуна кайра күчөйт. Дарттын дагы бир белгиси — жөтөлгөндө жана дем алганда өпкөнүн тушу оорутат", — деген медик.
Адам дайыма энтигип, чарчап, энергия жетпесе, ага кошумча тамакка табити тартпай, себепсиз арыктаса сөзсүз дарыгерге көрүнүү сунушталды.
Онколог коркунучтуу илдеттен оолак болуу үчүн чылым чегип жүргөндөр болсо, бул адаттан арылууну сунуштаган.
Радио
Бейшембаев: ракты эрте аныктап дарылоо системасын жолго коюу керек