БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш эгин келишимин аягына чыгарууга "ант берип", бул биринчи орунда турган маселе экендигин билдиргенин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бардык убадалар (РФтен чыга турган дан жана жер семирткич экспорту боюнча) айтылды. Алар аткарылат деген үмүттөбүз. Башкы катчы (БУУ) бүгүн ал үчүн азыркы суроо маанилүү делген, биринчи орунда турган маселе экендигин билдирди", — деген министр G20 саммитинин жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал Гутерриш РФтин эгин келишими боюнча талаптарды аткарууга даяр экендигин билдиргенин, бирок азырынча жыйынтык чыга электигин белгиледи.
"Бүгүн башкы катчы АКШ, Евробиримдиктин кат жүзүндө жана жеке өзүнө кылган убадасы туурасында кеп кылды. Эгерде алар ишке ашса, жер семирткич менен эгин ташууга коюлган тоскоолдуктар алынат, бирок кеп кагазда эмес, кеп иш жүзүндө анын кандай аткарыларында", — деген Лавров.