Арипов: Кыргызстан Сох анклавына кыска жол ачып берет

Абдылла Арипов Сох анклавында жашагандардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетчү келишимдер тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Сох анклавына Руждан тоосу аркылуу кыска жол ачып берет. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында билдирди.
"Биз кыргыз тарап менен Сох экславы боюнча келиштик. Колдогу макулдашууга ылайык, Сохко Руждан тоосу аркылуу эң кыска жол ачылды. Ал Кыргызстандын Чоң-Кара трассасы аркылуу өтөт", — деди Арипов.
Өкмөт башчы, мындан тышкары, Сох тургундарынын кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүсүн жеңилдеткен келишимдер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ушу тапта Сохтун жашоочулары кирип-чыккан сайын мөөр басыла турган паспорт же атайын баракча колдонушат.
"Жыл соңуна чейин ID-карталарды киргизүүнү (кыргыз тарап колдонуп келет) жана атайын аппарат орнотууну пландап жатабыз. Аппарат кирип-чыккан убакыт-саатты каттайт. Баары электрондук түрдө болот", — деди Арипов.
Арипов Кемпир-Абаддын маанилүүлүгү жана келишимдин шарты тууралуу айтып берди