Арипов: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айылын алмашат

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы кайсы аймактагы конуштар алмаштырыларын тактаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри чек араны тактоонун алкагында эки өлкөнүн 10 калктуу конушу алмаштырыла турганын билдирди.
Келишимди өзбек парламентинин төмөнкү палатасында ратификациялоо учурунда депутат өкмөт башчыдан алмашыла турган жерлер тууралуу сураган.
"Демаркация жараянында тартипке салына турган 10 калктуу конуш алмашылат. Кыргызстан тараптан 429 гектар жер алабыз, биз аларга 294 гектар жер беребиз. Ушундай жол менен башма-баш алмашабыз", — деди Арипов.
Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы кайсы аймактагы айылдар алмаштырыла турганын тактап айткан жок.
Арипов Кемпир-Абаддын маанилүүлүгү жана келишимдин шарты тууралуу айтып берди