140 гектар жер кайда? Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн маалыматындагы айырма

Депутат ортодо айырма болуп жаткан жер тууралуу түшүндүрүп берүүнү өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо эки өлкөнүн маалыматында 140 гектардын жер кайда калганы суроо жаратты.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кемпир-Абаддын сол жээк каналын курбай калганы үчүн Гавасай аймагынан 12 709 гектар жайыт жер кыргыз тарапка компенсация катары берилгенин билдирген.
Ал эми бүгүн ЖКнын Эл аралык иштер комитетинин жыйынында Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев 12 849 гектар жер алып жатканын айтты.
Депутат Чолпон Султанбекова ортодо айырма болуп жаткан 140 гектар жер тууралуу түшүндүрүп беришин сурады.

"Ал 140 гектар жер мурда чек араны тактоодо кыргыз тарапка жазылып калган тилке болгондуктан алар кошуп эсептебей жатат. Биз жалпы аянтты кошуп жатабыз. Ал эч жакка жоголуп кеткен жок. Мурда жазылып калган чекти артка жылдырып кайра өзгөртүү менен эсептегенде ошол айырма чыгып жатат. Чолпон Алыевна, сиз бизге ишенсеңиз, мен жаныңызда отурам го", — деди Мырзаев.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев өзбек тарап кол койгон протоколдордо ушундай эле цифра жазылганын айтты.
"Мурда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо учурунда Ала-Бука районун Бетегелик деген тилкесинен жер берип, Гавасайдан 140 гектар жерди алганбыз. Ошону кошуп айтып жатабыз", — деди Бөрүбаев.
Белгилей кетсек, учурда парламенттин Эл аралык иштер комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун ратификациялоо каралып жатат.
Арипов: Кыргызстан менен Өзбекстан 10 айылын алмашат