ЖКнын комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди үч окууда жактырды. Видео

Келишимди жети депутат колдоп, каршы добуш берилген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун тез арада үч окууда жактырды.
Документти жети депутат колдоп берди, каршы добуш берилген жок. Алар — Улан Примов, Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов, Ырысбек Атажанов жана Жылдыз Таалайбек кызы.
Ал эми добуш берердин алдында Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова залдан чыгып кетишти. Мадумаров мындай кадамын добуш берүүгө кворум жаратпай, келишимди өткөрбөй коюуга жасалган аракет катары айтты.
Натыйжада жети добуш менен келишим колдоо тапты. Кемпир-Абад боюнча бул маанилүү документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Комитет төрагасы Улан Примов жыйынга жети депутат катышып жаткандыктан кворум болот деген пикирин билдирди.
Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы КР менен чек ара келишиминин долбоорун жактырды