Кийинки жылы Бишкекке 120 электробус алып келинет. Жол киреси

Ушу тапта айдоочулар тандалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 2023-жылы Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алгачкы 120 электробустун алып келиниши күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Электробустар шаардын чоң көчөлөрү менен жүрүп, троллейбус зымдары жетпеген аймактарды камтыйт.
Ушу тапта транспорттун жаңы түрүн башкарууну үйрөтүү үчүн айдоочулар тандалып жатат. Алардын айлык акысы кийинчерээк аныкталмакчы. Электробус айдоого троллейбустардын айдоочулары, ошондой эле жаңы адистер да тартылат.
Жол акысы 11 сом болот.
Бишкекте окуучуларды атайын автобустар ташый баштайт. Сынамык долбоор