Өпкөңдү кагып коём! Камила Талиева аткаминерди зекиди. Видео

Депутат аткаминер кыйкырып каяша сүйлөп жатат деп ачууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановду зекиди.
ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде депутат медициналык мекемелерге керексиз дары-дармектер таратылганын айткан.
Аткаминер ал препараттар буйруктун негизинде жашыруун түрдө таратылганын, өзү ал убакта иштебегенин айтып, "причем тут ФОМС" (буга кандай тиешеси бар) ары жактан айтып жатышса" деп жооп берди. Талиева аны кекетпей сүйлөшүн талап кылып ачууланды.
"Бул жигит ким, ай! Сен эмне өпкөңдү каккылайсың?! "Нормально" сүйлө! Эмне кыйкырасың сен, эй. "Причем тут ФОМС" дегениң эмне? Ордуңуздан туруңуз да чыгып кетиңиз. Сизге окшогондор менен сүйлөшпөйбүз биз. Министрдин жанында отуруп алып кыйкырып атасыз", — деди Талиева.
Комитет төрагасы Данияр Төлөнов ортого аралашып, суроого жөн гана жооп беришин талап кылып, өзү отчёт берип жатып каяша сүйлөгөнүн орунсуз иш катары сыпаттады. Андан соң Муканов депутаттардан кечирим сурады.
Ошого карабай Талиева "өпкөңдү басып сүйлө бир аз, мен сага окшогон өпкөлөрдүн далайын көргөм. Өпкөңдү кагып коём!" деп кайра тилдеди.
WhatsApp менен башкарганды токтоткула! Депутат Талиева вице-спикерлерди тилдеди