Балиге сапар алганда ким эмнени көздөгөнү туурасында Ренат Абдуллин ой калчаган. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.
Индонезиялыктарча дипломатия
"Чоң жыйырма" кыйла өнүккөн экономикасы бар өлкөлөрдү бириктирип турат. Ошол себептен да саммиттеринде көбүнесе экономикалык жана каржылык маселелер каралат. Анткен менен декабрга чейин төрагалык кылган Индонезия саясий тирештерди жайгаруу үчүн өз абалынан пайдаланууну чечкен.
АКШ президенти Жо Байден март айында эле Россияны G20нын катарынан чыгарууну сунуштаса да индонезиялык тарап Владимир Путинди да чакырган. Ошондой эле "Чоң жыйырмага" кирбеген Украинанын президенти Владимир Зеленский да иш-чарага чакырылган. Бирок ал Путин менен бир саммитке келбей турганын айтып, кескин талап койгон.
Антсе да Жакартадагылар Кремлге жолдогон чакыруусун артка кайтарган жок. Индонезиянын президенти Жоко Видодо Financial Times басылмасына берген маегинде топтун бардык мүчөлөрүнүн орток чечими болбостон, Россияны кандайдыр бир жол менен "оолактатууга" ыйгарым укугу жок экенин белгилеген.
Натыйжада россиялык, украиналык лидерлер бетме-бет көрүшүүдөн баш тартып, болжол менен Зеленский саммиттин катышуучуларына видеобайланыш аркылуу катышмакчы. Ошентсе да Индонезиянын дипломатиялык аракеттери текке кетпегенин, ийгиликтүү экенин айтууга болот. Балиге россиялык делегацияны РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров жетектеп барды.
Россияны оолактатуу колунан келбей калганда Байден саммитти утурлай бири-бирине каршы келген "салам дубайларын" жөнөтүп турду. Адегенде маалымат айдыңы Ак үйдөгү булактарга таянуу менен АКШ президенти Путин менен Балиде украиналык маселени талкуулоого даяр экенин жар салышкан. Көп өтпөй америкалык лидер да, анын басма сөз катчысы да бетме-бет жолугушуунун эч кандай маңызы жок экенин расмий түрдө билдиришти.
АКШ Кытай тарапка бурулуп...
Ак үй G20 саммитинде америкалык-россиялык күн тартибин көпкө тактай албаганы менен, азиялык багыттагы көздөгөнү дароо таасын аныкталган. Байдендин айтымында, ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара байланышы жөнүндө баарлашууга ниеткер. Америкалык лидер: өзүнүн билдирүүсү Вашингтон Пекин менен "жаңжалдашууну эмес, атаандаштыкты издей" турганын айтты.
Тайвань маселесине келгенде Байден бул туурасында кытайлык лидер менен "талкуулоону" гана убада кылып тим болду. АКШ КЭР менен тирешти "тыныгууга" коюуну чындап чечкен өңдөнөт.
South China Morning Post абройлуу басылмасы Балидеги жолугушууну утурлай G2 америкалык-кытайлык форматын жаратууга арналган материал жарыялады. Автордун пикиринде дүйнөнүн азыркы тартиби Вашингтон менен Пекиндин кыйла тыгыз кызматташтыктын зарылдыгын талап кылууда.
Байден Си менен кезиккенде анын айткандарына көнбөй турганын баса белгилеген. Ошол эле убакта эки үлкөн өлкөнүн лидерлери саммиттен кийин мурдагыга караганда бири-бирин жакшы түшүнүшүп коштошоруна үмүт кылган.
Келечекке көз караш
Эксперттердин баамында, Балидеги иш-чара тагдыр чечерлик деле болбойт. Андрей Кортунов бул "Чоң жыйырманын" алгачкы жыйындарына окшоп кетерин, бирок аларга салыштырмалуу карама-каршылыктары терең экенин белгилейт.
"Саммит каатчылык каптап турган маалда өтүүдө. Форум мамлекет башчыларынын деңгээлинде иштей баштаганда G20 2008-жылдагы каржылык кризиске көрүлгөн чара катары катталган. Ал убакта жалпы демилгенин маңызы глобалдык экономика менен каржыны тескөө принциптерин кайра түзүүдө эле.
Жалпы жонунан кайра түзүү оюнчулардын кызыкчылыктарынын айырмачылыгынан улам ишке ашкан эмес. Ушул тапта да кырдаал жакшырып кеткен жери жок. Көйгөй мурдагыдан да чоң, ал эми биримдиктин деңгээли 14 жыл мурункуга караганда кыйла төмөн", — дейт эксперт.
Бир пикирдин жоктугуна бир нече себеп бар. Биринчиден, соңку жылдары АКШнын позициясын тепсендиге калтырган Кытайдын ролу алда канча өстү. Экинчиден, адаттагы сүйлөшүүлөрдү четке сүрүп салган экономикалык санкциялар тышкы саясаттын кеңири таралган элементине айланды. Үчүнчүдөн, оюнчулардын көпчүлүгү да бири-бирине кайрадан көнүүгө тийиш. Мисалы, ФРГнын канцлери Олаф Шольцтун баамында,
Италия өкмөтүнүн башчысы Жоржия Мелони жана британиялык премьер Риши Сунак үчүн саммит алгачкы тажрыйба болмокчу. G20 калган мүчөлөрүнө бул өнөктөштөргө көнүп, тил табышууга туура келет.
Алдын ала даярдык болбосо, геосаясаттын азыркыдай абалында бурулуш жасай турган чечимдер кабыл алынары арсар экенин айтат Кортунов. Анткен менен "Чоң жыйырманын" талкуулай турган нерсеси жок дегенди туюндурбайт, бирок азыркы учурда бүтүндөй топтун алкагында эмес, эки тараптуу деңгээлде гана мүмкүн болчудай. Саясий таануучунун пикиринде, иш-чарада негизги жалпы макулдашуулардан кеп козголсо, балким, россиялык лидер да катышмак.
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Александр Орлов да азыркыдай жагдайда Путиндин Балиге барбаганы принципиалдуу деле мааниге ээ болбостугун боолголойт.
"Бул – мурдатан болуп келген жана алдыда да боло турган эл аралык жолугушуулардын топтомунан кезектеги гана иш-чара. Дүйнө экономикалык рецессияга кептелип турат. Ал ушундай терең, аны болжоого гана болот. Анан да бир саммит менен бул көйгөй чечилип калбайт", — дейт эксперт.
16-ноябрдагы "Чоң жетиликтин" жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кандайдыр бир расмий билдирүү чыгарары күтүлөт. Бирок чет өлкөлүк талдоочулар төрагалык 1-декабрда Индияга өткөрүлөрүнөн көптү үмүттөнүшөт.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен бул дүйнөлүк экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болорун так кесе билдирди. Индиянын анын мурдатан берки, анын ичинде улам кеңейип бараткан БРИКС блогунун алкагында өнөктөш болгонунан улам мындай сценарий Россия үчүн да пайдалуу.