Радио

Алиев: быйыл 165,8 млрд. сомдук жыйым-төлөмдөр чогултулду

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев быйыл 125 миллиард сом салык төлөмдөрү чогулганын айтты.
Sputnik
Салык кызматы ушул жылдын 10 айында жалпы мамлекеттик бюджетке 165,8 миллиард сом жыйым жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 49 миллиард сомго көп акча жыйналган.
"Салык кызматы ушул жылдын 10 айында жалпы мамлекеттик бюджетке 165,8 миллиард сом жыйым жана төлөм чогултту. Бул өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 49 миллиард сомго көп сумма. Мындан тышкары, ушул убакыт аралыгында 125 миллиард сом салык төлөмдөрү алынып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,5 миллиард сом көп болуп, өсүү ыргагы 146 пайызды түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 40 миллиард 581 миллион сом түштү", — деди Алиев.
Ошондой эле ал "Салык кызматы салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн" деп аталган I улуттук форум өтүп, иш-чара салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатууга арналарын кошумчалады.