Өкмөт быйыл Кумтөрдөн канча киреше түшкөнүн айтты

Депутат Шайлообек Атазов алтын кенден түшүп жаткан пайданын көлөмүнө кызыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Быйыл тогуз айдын аралыгында (январь-сентябрь) Кумтөрдөн түшкөн кирешенин суммасы 26 миллиард 780 миллион 571 миң сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, бул суммага Кумтөрдүн аймактагы өнүктүрүү фонддоруна берген каражаты дагы кошулуп эсептелген.
Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2023-жылга карата мамлекеттик бюджетти бекитүү каралды.
"Кумтөр" тогуз айда 11,8 тонна алтын сатты. Канча өндүргөн?