Бишкектин борбордук бөлүгү 2023-жылдын ортосунан тарта маршруткалардан бошойт

Мэрия айдоочуларды ишсиз калтырбай турганына ишендирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгү 2023-жылды ортолоп барып маршруткалардан тазаланат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Алардын ордуна газ менен жүргөн автобустар, электробустар жана троллейбустар каттайт.
Нусувалиевдин айтымында, маршруткаларды каттамдан алуу демилгесин баары эле колдой бербейт.
"Алгач оор эле болот, бирок ордо калаабыз өнүгүшү керек, мындай кескин чараларга барышыбыз зарыл", — деди ал.
Мындан улам 60 микроавтобустан маршруту кайра каралып чыгат. Айдоочулар ишсиз калбайт, аларга жаңы конуштарга жана шаардын чет жакасына каттоочу жаңы каттамдар сунушталмакчы. Ал эми жаңы автобустар үчүн буга чейин жабылып калган маршруттар жандандырылары айтылды.
Кийинки жылы Бишкекке 120 электробус алып келинет. Жол киреси