Радио

Жаныбеков: үч жыл ичинде сугат суу көйгөйү дээрлик чечилет

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл ирригация тармагына соңку үч жылдагыга салыштырмалуу алты эсе көп каражат которулганын белгиледи.
Sputnik
Быйылкыдай каражат бөлүнүп турса сугат суу көйгөйү үч жылда чечилет. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл бөлүнгөн каражаттын эсебинен кыйла иштер жасалды, бирок бул жетишсиз.
"Соңку үч жылдагы ирригацияга бөлүнгөн орточо каражатты карап көрсөк, быйыл алты эсе көп бөлүндү. Бирок бир жылдын ичинде аталган тармактагы көйгөйдү толугу менен чечүү мүмкүн эмес. Ушундай эле каражат бөлүнүп турса, 2025-жыл менен ирригациялык фонд реабилитацияланып бүтөт. Мисалы, быйыл 1 миллиард 100 миллион сом каралып, анын ичинен 734 миллион сом өздөштүрүлдү. Ага 723 чакырым чарба аралык канал механикалык тазалоодон өттү. 1300 чакырым жерде коллектордук-дренаждык түйүндөр тазаланды. 105 насостук станцияда ремонт жүрүп, 218 агрегат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. 52 жаңы насос орнотулду. Жыйынтыгында чарбалык каналдардагы сугат сууну жоготуу 10 пайызга азайды. Мындан тышкары, дыйкандарга жеткирилген суунун көлөмү 20 пайызга көбөйдү. 2025-жылдын жыйынтыгы менен сугат суу көйгөйү дээрлик толугу менен бүтүп калат", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле быйыл 271 миллион сомго сууну үнөмдөп сугаруучу жабдыктан 150 комплект берилгенин кошумчалады.