Жалал-Абаддагы жазаларды аткаруу мекемеси көчүрүлөт. Каржы маселеси чечилди

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым аралыкта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы №10 жазаларды аткаруу мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча каражат маселеси чечилип, тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан

2 / 3

Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатканы кабарланды

3 / 3

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн көргөн

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн көргөн. Облус башчысы жумуш ыргагын тездетүүнү тапшырып, сапатка көңүл бурууну эскерткен.
Мындан сырткары, шаардагы №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты бөлүнүп, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталганы кабарланды.
Пресс-борбор
Жаза аткаруу кызматы айрым түзөтүү колониялары кайда көчүрүлөрүн айтып берди