WhatsApp билдирүүлөр боюнча маалыматты өзү өчүрүп баштайт

Кирип жаткан жаңычылдык мессенжердеги тайпаны түзгөндү жакшы көрүп, бирок тынбай келе берген билдирүүлөрдү жактырбагандар үчүн ыңгайлуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. WhatsApp колдонуучуларын чатка келе берген эсепсиз билдирүүлөр боюнча маалыматтан арылткан функцияга ээ болмокчу. Бул тууралуу WABetaInfo порталы тиркеменин бета-версиясына таянып жазды.
Анда мессенжер 256 жана андан көп мүчөсү бар чаттардагы билдирүүлөрдүн келгенин "жар салган" маалыматты өзү эле өчүрө берери айтылган. Эгерде тайпадагылар аз болсо үн коштоп келе берет, ал эми 257-катышуучуга чыкканда үнсүз тартипке өтөт. Анткен менен тиркеме каалаган адамга аны кол менен кайра калыбына келтирип, кошуп алганга мүмкүнчүлүк берет.
Бул жаңычылдыктын жакында бардык платформага орнотуларын айтышты.
РФте кандай үлгүдөгү смартфондордон WhatsApp өчөт? Адистин жообу