БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиянын полициясы Стамбулдун борборундагы Истиклал көчөсүнө бомба таштап кетиши мүмкүн деген адамды кармады. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн ИИМ башчысы Сулейман Сойлунун айтымына таянып кабарлады.
"Бомба таштап кеткен адам колго түшүрүлдү", — деген Сойлу.
Анын айтымында, алгачкы маалыматтар жардырууну Күрдстан жумушчу партиясы менен күрд отряды уюштурганын көрсөтүүдө. Камерага түшүп калгандыктан, жарылуучу затты аял таштап кетти деп шек жаралып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Күрдстан жумушчу партиясы менен күрд отряды Түркияда террордук уюм болуп эсептелет.
Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашканы айтылууда. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген. Буга чейинки маалыматта Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган жардыруунун жасалышына аялдын катыштыгы бар деген маалыматтар түшүп жаткандыгын айткан эле.