Теңиз Бөлтүрүктүн тергөө абагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

"Кумтөрдү" сырттан башкарып турган Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү тергөө абагында кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 2023-жылдын 10-январына чейин абакта калтыруу чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Теңиз Бөлтүрүктүн жубайы Садыр Жапаровго кайрылып ырайым сурады