Шаарга жеткирем деп... Сузакта жаш кызды өлтүрдү деп 58 жаштагы киши кармалды

Шектүүнүн буга чейин зордуктоо жана башка кылмыштар үчүн бир нече ирет соттолгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды шаарга жеткирем деп автоунаасына салып кетип, жолдо өлтүрүп койгон деген шек менен 58 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен киши колдуу болгон жаш кыздын сөөгү табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголуп, ыкчам иликтөө иштери башталган. Натыйжада, шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун 58 жаштагы тургуну О. А. кармалган.
"Тергөө учурунда шектүү оор кылмыш жасаганын моюнга алды. Берген көрсөтмөсүндө кызды Базар-Коргондун Акман айыл аймагынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жолдо турган жеринен алып кеткенин айтты. Кызды автоунаасына отургузгандан кийин Сузак районунун аймагында өлтүрүп, сөөгүн Ноокендеги каналга ыргытып жибергендигин моюндады", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, шектүүнүн Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынган. Аны кароо учурунда арткы орундугунан канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автокөлүктүн алдыңкы орундугунун астынан болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон зат табылып, экспертизалык изилдөөгө жөнөтүлгөн.
Кылмышка шектелген О.А. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө жүрүп жатат.
Токмоктогу мал базарда карыянын акчасын уурдоого шектүү кармалды. Сүрөт