ТИМ: Стамбулдагы терактыдан жабырлангандар арасында кыргызстандыктар жок

Кечээ Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн биринде жарылуу болуп, алты адамдын өмүрү кыйылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында болгон терактыдан жабырлангандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМден кабарлады.
"Башкы консулдук Стамбул шаарында каза таап жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин кабарлайт жана учурда Түркиянын бийлиги менен байланышта болуп турат", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, кечээ Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, алты адамдын өмүрү кыйылган. Андан сырткары 81 адам жаракат алган.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай бул теракт катары каралып жаткандыгын, аны аял киши жасагандыгын айткан.
Стамбулдун борборунда жарылуу болуп, алты киши көз жумду. Видео