Казакстанда тойго келген коноктор асманга ок чыгарып кармалды. Видео

Эл чогулган жерде ок атылары тууралуу маалымат тартип сакчыларга күн мурун эле түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Казакстандын Шымкент шаарында үйлөнүү тойго келген эки конок үйлөнүп жаткан жаш жубайларга "сюрприз" кылуу максатында асманга ок атканын Sputnik Казакстан жазды.
Бул боюнча маалымат тартип сакчыларга күн мурун эле түшкөн. Той болчу жерге алар жөнөкөй жаран катары кийинип алып барышкан.
"Автомат шоу" түнкү саат 00:00дө башталып, асманга АКСУ-47 жана АК-74 куралдарынан ок атылган. Полиция ошол жерден эки "аткычты" кармап, эки автоматты тең алган", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта тартип сакчылар автоматтардын кайдан алынганын аныктоого киришип, тергөө башталып, ал эми кармалгандардын камакка алынганын айтышты.
"Баары жакшы". Күйөөсү үлпөт тоюнда уруп жиберген келин доосу жок экенин айтты