"Терактыны айыптайбыз". Садыр Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Президент Кыргызстанда эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдоорун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Президент Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын жана жабырлангандардын тез сакайып кетишин тилегенин айткан.
"Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп айтылат Жапаровдун телеграммасында.
Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашты. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген. Буга чейинки маалыматта Түркия лидери жардыруунун жасалышына аялдын катыштыгы бар деген маалыматтар түшүп жаткандыгын айткан эле. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланды.
Стамбулда теракт жасоого айыпталган аялды кармаган видео жарыяланды